Биздин баалуулуктар

Айкындуулук

Биз максималдуу айкындуулукту камсыздайбыз- бардык финансылык маалыматтар веб-сайттарда көрсөтүлөтapake.kg. Биз донорлорду аныктап,бардык кайрымдуулук каражаттарынын эсебин жүргүзүп,түшкөн каражаттар менен алардын бөлүнүшү тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турабыз. Биз, адам факторуна жол бербөө үчүн ,түшкөн маалыматтарды каттап,кабыл алуу жана каттоону максималдуу түрдө автоматташтырабыз. Биз,жагымсыз жагдайларга алып келген же мыйзам тарабынан тыюу салынган гана маалыматтарды жарыялоого чектөө коебуз

Калыстык

Фонддун жардамы ар дайым кабыл алынган багыттагы иш-чаралардын чөлкөмүндө максаттуу жүргүзүлөт. Каражат бөлүү коллективдүү түрдө кабыл алынган тартиптин негизинде жана долбоорлордун социалдык баалуулугуна жараша ченем шарттарда ишке ашырылат.

Социалдык каражаттарды мобилизациялоо

Биз,жарандарды бири бирине жардам көрсөтүүгө шыктандырган иштерге салым кошуу менен,коомго алгылыктуу пайда келтирүүчү жагымдуу өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун жана узактыгын камсыздайбыз. Биз,Кыргызстандын бизнес жамааттарын социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышууга чакыруу менен бирге социалдык жоопкерчиликтин коомдук маданиятын өнүктүрүүгө үндөйбүз.

Кызматташтык

Биз, жарандардын улутуна,диний көз караштарына жана саясий ишенимдерине карабастан,таланттуу,ыктыярдуу,кайдыгер эмес,жагымдуу иштерди жаратууну каалаган бардык адамдар менен сүйлөшүүгө жана биргелешип иштөөгө даярбыз. Биз,жарандык активисттер жана коммерциялык эмес уюмдар менен көңүл өйүгөн маселелерди чечүү жана өлкөбүздүн элдеринин бейкутчулугу үчүн кызматташабыз

Көмөк