• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Кызыл – Булактагы балдар бакчасынын имаратынын терезе айнектери жок жана эшиктери сынган

Кызыл – Булактагы балдар бакчасынын имаратынын терезе айнектери жок жана эшиктери сынган

Кадамжай районунун Кызыл – Булак айылындагы балдар бакчасынын 135 тарбиялануучулары, бөлмөлөрдүн терезе, эшиктери алмаштырылган соң, жылуулук менен камсыз болушат. Имарат көл жээгине жакын тоодо жайгашкандыктан, бул жерде кыш мезгили октябрдан май айына чейин өкүм сүрөт. 8 жылдан бери балдар бакчасынын администрациясы, имараттын жылуулук көйгөйүн чечүү маселесин көтөрүп келет, анткени жылуулуктун жоктугунан балдар тез – тез ооруп, сабактарга да келе алышпайт. Кыш мезгилинде бул бакчага эки эсе аз балдар келишет, себеби, имараттын терезелеринин жарымынан көбү пленка менен жабылып, ал эми сынык айнектер менен кыйшайган эшиктер бөлмөлөрдөгү жылуулукту таптакыр сактай албайт. Ошентсе да, бул чоң айылдын жашоочулары, тарбия үйүнө балдарын берүү үчүн өз кезектерин күтүп келишет.  «Апаке», жылуулук сактоочу эки кабат айнектелген терезе рамаларын койдуруп, бөлмө эшиктерин жаңыртып, имараттын кире беришинин эки жагына тең тамбур орнотуп берет. Бул иште бизге ата – энелер комитетинин активисттери, бакчанын администрациясы жана балдардын ата – энелери жардам беришет.

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте - на Facebook!

О проекте - Instagram!

Новогодние подарки для детей садика "Келечек"!

Көмөк