• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Ош шаарындагы орто мектептин окуучуларына жардам керек.

Ош шаарындагы орто мектептин окуучуларына жардам керек.

Жардам алуучу тарап тууралуу

Биздин Фонд, Ош шаарындагы  М.В. Фрунзе атындагы №24 орто мектепте болуп кайтты.

Биздин кезектеги объектибиз,  имараттын ичиндеги даараткананы капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жардам берүү. Мектеп өткөн кылымда курулган. Бул жерде мугалимдерди эсептебегенде,  886 окуучу билим алат.  50 жылдан бери мектепте  тийиштүү санитардык – гигиеналык шарттар жок.  Короодогу даараткана пайдаланууга жараксыз, себеби ден- соолукка коркунуч  туудурат.  Мектептин директору, Абдувахабова Дана, каражат табуу үчүн коомчулукту тартып, бардык күчүн жумшаган. Анын активдүүлүгү жана көшөрө аракеттенгендигинин натыйжасында, бул долбоорго кайрымдуулук көрсөтө турган тышкы донорлордун көңүлүн буруу мүмкүндүгү пайда болду.

Арыз тууралуу      

Бул маселени чечүүдө көптөгөн  аракеттер  жана мүмкүндүктөр каралды.  Жыйынтыгында, бардык катышуучулар, короого жаңы даараткана кургандан көрө, имараттын ичиндеги даараткананы  капиталдык оңдоодон өткөрүп, мурдагы канализациялык системаларды кайра калыбына келтирип, жаңы суу түтүктөрүн орнотуп,  жаңы суу жылыткычтарды жүргүзүп жана сантехникаларды жаңысына алмаштыруу алда канча үнөмдүү жана пайдалуу болоорлугун туура көрүштү.  Натыйжада, окуучулар менен мугалимдер мектепте  жумуш күндөрүн жакшыртылган санитардык-гигиеналык шарттарда өткөрүшмөкчү.

Долбоорго кошулган салым тууралуу 

Фонд, бардык керектүү курулуш материалдарын жана башка каражаттарды сатып берип жардамдашат. Биздин Фонд, төрт жүз отуз эки миң сегиз жүз төрт миң сомдук (432 804 ) долбоорду каржылады. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы - 1 132 000  Биз, жарым кылымдан бери чечилбеген көйгөйдү жоюп, балдардын жашоосун жакшыртууга  жардам берүүчү долбоорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн «Мол Булак» Компаниясына  жана аймактык менеджер Ташходжаев Шафкатка ыраазычылык билдиребиз.

#учунчукадам #ош #проектыфондаапаке #слюбовьюклюдям

Благотворительная помощь Фонда школьникам ОшБлаготворительная помощь школьникам города Ош

Школа нуждается в благотворительной помощиДети города Ош просят помочь в соц.проектеКаждый ребенок достоин жить в комфортных условиях

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О социальном проекте "Учунчу кадам" - в городе Ош. 

Көмөк