• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Үй-бүлө –ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору

Үй-бүлө –ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору

Үй-бүлө –ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору

Биздин Фонд «Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» социалдык долбоорун ишке ашырууга активдүү жардам көрсөтүп жаткандыгын кубануу менен билдиребиз.
Биздин долбоор, өз үй – бүлөсүнө башка баланы өз баласындай кабыл алып, фамилиясын жана атасынын атын берип, баланын укугун жана кызыкчылыгын өзүнүн жакын тууганындай коргоого жана бөлүшүүгө бардык жагынан даяр ата-энелерге багытталган.

Долбоордун максаты:
«Үй-бүлө – ар бирибиз үчүн» социалдык долбоору балдардын үй-бүлөлүү болушуна, ал эми долбоордун катышуучулары бала асырап алуусуна багытталган.

Долбоор ата-энелерге:
Бул маселенин

  • физикалык;
  • эмоционалдык;
  • психологиялык;
  • юридикалык жактарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Программасы:

1.ϴз үй-бүлөсүнө бала асырап алууну каалагандар жана бала асырап алгандар үчүн жекече кеңештер; 2. жетим балдардын психологиясы жөнүндө окуу тренингдери; 3. ата-энелер үчүн тренинг өтүү учурунда жекече рекомендацияларды түзүү; 4. Бала асырап алуунун жүрүшүндөгү кеңештер; 5. Бала асырап алуучулар тандап алгандан кийин, жетим-балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү; 6.Үй – бүлөдө баланы асырап алгандан кийин, Бала асырап алган Ата – энелер Клубун уюштуруу

Бул кимге пайдалуу болот:
Бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөргө;
Бала асырап алган үй-бүлөлөргө;
Кыйын кырдаалдарда бала асырап алган үй-бүлөлөргө;

Биздин долбоордун катышуучусу болуңуз, өзүңүздүн жашооңузду бактылуу кылуу менен бирге жок дегенде бир баланы бакытка бөлөңүз!

Тренингдер Ош шаарында өтөт
Арыздарды 30-майга чейин төмөнкү тел.номуру аркылуу берсеңиздер болот: +996 (550) 994 991 КАТЫШУУ АКЫСЫЗ!

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

Көмөк