• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Кыргызстандын Азиздер Федерациясы менен өнөктөштүк

Кыргызстандын Азиздер Федерациясы менен өнөктөштүк

2021-жылдын ноябрь айынын башында Испанияда пара дуатлон боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага өлкөбүздүн намысын коргогон Кыргызстандын жараны, бир нече жолку эл аралык чемпион, пара-дуатлончу Жалалдин Абдувалиев жана анын жетекчиси Нуршат Абабакиров чакырылган. Жалалдин дүйнө чемпионатында өлкөбүздүн атынан чыгып, Күмүш медалга ээ болгон биринчи азиз спортчу болду.

«Жашоонун кандай сонун экенин, өзүмдүн үлгүм менен көрсөткөн жөнөкөй кыял мени Испанияга алып келди. Сапар жеңил болгон жок, бирок күмүшкө жеттик. Көзү азиздер арасында дуатлон боюнча дүйнө чемпионаты. Күнүмдүк машыгуулар, өзүң менен күрөшүү. Бир нече жыл мурун, мен бул жерде болорума кулак да салмак эмесмин. Ал эми коркуу жөнүндө айтпай эле койсом болот. Бирок Кудайга шүгүр, бул бактылуу окуя! Спортко карай ошол чечкиндүү кадамды баштап, күндөн-күнгө мен максатка жакындай бердим. Албетте, мени менен бүтүндөй бир команда иштеди. Жана бул жалпыбыздын жеңишибиз! Мени ар дайым коштоп, колдоп жана дем берген ар бир адамга ыраазымын”.

Биздин фонд демөөрчүлүк кылып, көзү азиз спортчу менен аны коштоп барган адамга жол кире чыгымын төлөп берди.

Биринчи дүйнөлүк Чемпионатка демөөрчүлүктүн баасы 105 322 сомду түздү.

2022-жылдын август айында Жалалдин Абдувалиев кайрадан спорттук чакырыкты кабыл алып, Словакияда өткөн алыс аралыкка пара триатлон боюнча Дүйнө Чемпиондугунун катышуучусу болду. Бул татаал жарышта - 2 чакырым сууда сүзүү, 80 чакырым велосипед жана 18 чакырым чуркоо, жалпысынан 100 чакырым аралыкта өзүнүн өжөрлүгү жана Мырзабек Орумбаевдин татыктуу колдосунун аркасында багындырып, Жалалдин азиз спортчулар арасында Дүйнө Чемпиону аталды_2022.

Биздин фонд азиз спортчу менен аны коштоп барган адамдын жол акысын каржылады.

Экинчи Дүйнөлүк Чемпионатка демөөрчүлүктүн наркы 160 000 сомду түздү.

Демөөрчүлүк жардамдын жалпы суммасы - 265 322 сом.

благотворительность для незрячих инвалидовПоддержка людей с инвалидностью

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О Серебряной Победе на Чемпионате Мира в Испании в Instagram

Чемпион Мира по пара триатлону на длинные дистанции в Словакии - Instagram

Көмөк