• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Ат-Башы айылындагы балдар бакчасына даараткана курууда жардам керек

Ат-Башы айылындагы балдар бакчасына даараткана курууда жардам керек

Жардам алуучу тарап тууралуу

 «Үчүнчү кадам» социалдык долбоорунун кийинки арызы дагы балдар бакчасынан. Нарын облусунун Ат-Башы айылы, суук эрте түшүп, жаз кеч келген тоолуу аймакта жайгашкан. К.Тыналиев атындагы балдар бакчасы өткөн кылымдын 60чы жылдарында курулган. Акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери мындан 10 жыл мурда жүргүзүлгөн. Бакчанын директору менен мээримдүү тарбиячылары, балдарды жылуулук жана жайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келишкен. Бөлмөлөрдө видеобайкоо жүргүзгүчтөр орнотулган, алардын жардамы менен 85 бала – алаканга салгандай көрүнүп турат.

Мектепке чейинки мекеменин администрациясы долбоордун эскизин жана болжолдуу чыгымдардын сметасын даярдап берген. Мамлекеттик архитектура өкүлү жана бөдрөтчү тараптын балдарга жардам берүүгө кызыкдар экендиктерин  көрүү биз үчүн жагымдуу болду.

Долбоор жөнүндө

Айылдык балдар бакчасына, имараттын ичине 4 орундуу, 4 кол жуучу жайы менен желдеткич жана суу жылыткыч жабдыктары бар даараткана бөлмөсүн куруп берүүдө жардам керек. Бул үчүн керек болгон жай, суу, насос ж.б. бардык шарттар бар.

Азыркы учурда балдар, өзгөчө кыш мезгилинде ыңгайсыздык жараткан короодогу дааратканага барышат.  Биздин фонд  балдарга жардам берет жана суу түтүктөрүн орнотуп, септик (тазалагыч) жасап, унитаздарды, кол жуучу жайларды, суу жылыткыч жана сантехника коюп берет.

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы – 222 540 сомов.

Биз, биздин Фондго кайрылуу жана Ат-Башы айылына кайрымдуулук көрсөтүү демилгеси үчүн, Ат-Башы кеңсесинин менеджери Базарбаев Бакытбекке ыраазычылык билдиребиз. Арызды иш жүзүнө ашыруу 2020-жылдын жаз-жай айларына пландалууда.

#учунчукадам #атбаши #слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке #naryn

село Ат-Баши написали заявку на благотворительную помощь в ФондВидео наблюдение в садике - помощь и контроль директораДетям нужна помощь, чтобы не бегать в дворовой туалетФонд делает пожертвование детям садика Благотворительность детям садика в селе Ат-БашиВ процессе обсуждения проекта Каждый ребенок садика будет в комфортеУчастники проекта готовы прийти на помощь детямТерритория садика позволяет реализовать проект

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

О проекте "Учунчу кадам" - в Ат-Баши

Көмөк