• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

"Айданек" балдар бакчасы өзүнчө ашкана курат!

"Айданек" балдар бакчасы өзүнчө ашкана курат!

Жардам алуучу тарап тууралуу

«Үчүнчү кадам» долбоору – Жалалабат облусунун Ташкөмүр ш. Теңдик айылына сапар алат.  «Айданек» - балдар бакчасы, 5 миңге жакын адамы бар калк жашаган пункттагы  мектепке чейинки экинчи балдар мекемесинин жаңы имараты.

Бакча, 60ка жакын наристени кабыл алып жана ар бирин камкордукка бөлөй алат.  

Шаардын мэриясы, педагогикалык состав үчүн штаттык бирдиктерди бөлүп берип жана электр менен жабдылган капиталдык ремонт жасап берген.

Ичүүчү суу булактан насос менен тартылып, болочок ашкананын жанындагы резервуарда (суу сактоочу идиш) сакталат. Ата-энелердин жардамы менен жайлуу шарттар түзүлүп, керебеттер жана терезе пардалары сатылып алынган.

Суроо-талап жөнүндө

Биз, балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышын күтүшкөн наристелер менен, алардын апалары чогулган бакчанын жанына келдик, ошондой эле бизди айыл өкмөтүнүн башчысы , райононун өкүлү жана балдарга кайрымдуулук жардам көрсөтүү боюнча маселени көтөрүп чыккан демилгечи, бакчанын директору Чолпонкулова Гүлназдар тосуп алышты. Мындайча айтканда, бакчанын имаратында тамак даярдоо үчүн санитардык шарттар жок, вентиляциялар  орнотулбагандыктан өрттүн пайда болуу коркунучу бар. Ошондуктан, жалпы жергиликтүү чечимдин негизинде, бакча, эки казандуу, самоварлары менен, суу өткөргүч раковиналары бар очоккана курууну чечти.

Фонд керектүү материалдарды сатып берет, ал эми жергиликтүү администрация имаратты курууну баштады. Жаңы өзүнчө курулган ашканада, жыл бою бөбөктөр жана бакчанын кызматкерлери үчүн каалаган тамак-ашты даярдоого болот. Биз, балдарга жардам берип жана элдин жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бергенибизге кубанычтабыз!

Жардам үчүн ыраазычылык

Кайрымдуулук көрсөткөнү үчүн «Мол Булак» компаниясына  жана Ташкөмүр кеңсесинин менеджери Майлиев Бекзатка, биздин долбоорду аймактарда жайылтуу боюнча жардам берген Каракөл кеңсесинин менеджери Шералиева Жылдызга, бизди түнөөчү жай менен камсыздап жана бул арызды иш жүзүнө ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн  аймактык менеджер Суванов Токторалыга ыраазычылык билдиребиз.

Долбоордун бюджети

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы – 198 000 сом.

#учунчукадам #ташкумыр #слюбовьюклюдям #проектыфондаапаке

Нужна помощь в Ташкумырском районе, где находится село ТендикФонд оказывает благотворительную помощь в ТашкумыреСело Тендик просит благотворительную помощь у ФондаНужна помощь садику построить отдельную кухнюНужна помощь садику построить отдельную кухнюФонд оказал помощь детям садикаНужна помощь в строительству отдельной кузни в садике с.ТендикРодители детей садика благодарны Фонду за помощь их детямКаждый ребенок садика с.Тендик получает благотворительную помощь от ФондаМестная администрация и родители ожидают помощь от Фонда

Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар

Instagram_О проекте "Учунчу кадам"_с.Тендик, детский сад "Айданек"

Көмөк