«Мугалим» алгачкы жыйынтыктарды чыгарат!

«Мугалим» алгачкы жыйынтыктарды чыгарат!

01 июня 2022

Долбоор жөнүндө

Сиздердин назарыңыздарга «Мугалим» долбоору боюнча аткарылган иштердин жылдык отчетун сунуштайбыз.

. www.mugalim-edu.com онлайн мектеби 2021-жылы ачылган жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ар кандай практикалык курстар үчүн аянтча болуп саналат. Биздин мектеп өлкөнүн бардык аймактарынан бир нече жүздөгөн мугалимдерди бириктирип жана алардын аркасында мугалимдер тажрыйба алмашып, кесиптик маселелерди талкуулай алышат.

Келечекте биз бардык мугалимдерге жана тренерлерге өз курстарын иштеп чыгууга жана билим берүү кызматтары рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз. Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга инвестиция салуу менен жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатып, балдарыбыздын келечегин камсыздай алабыз деп ишенебиз!

Статистика

Планга ылайык, биз окутуу үчүн бир курсту ачкыбыз келген, натыйжада бизде: нейропедагогика, санариптик педагогика, окуучуларды шыктандыруу, мугалимдердин чарчап калуусунун алдын алуу сыяктуу ар кандай темадагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу бир нече курстар иштеп жатат.

Жыл ичинде бизде 338 мугалим билим алып, тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 115 катышуучу сертификат алышты. Шыктандыруу жана чарчоонун алдын алуу боюнча курстар эң популярдуу болуп калды.

Биздин кардарлар негизинен 5 жылга чейинки иш стажы бар аялдар. Ошондой эле биздин курстарга 20-30 жылдык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу мугалимдер дагы катышышат. Биздин платформаны негизинен мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин мугалимдери, ошондой эле башка окуу жайлардын, борборлордун жана колледждердин кызматкерлери да колдонушат.

Бюджет

Долбоордун жүрүшүндө  жалпы наркы 927 миң сомдук тапшырмалар аткарылды. Курстарды сатуудан түшкөн жылдык киреше 136 миң сомду түзөт.

Келечектеги пландар

Биз,2022–2023-жылдары “Мугалим” социалдык долбоорун каржылоону улантабыз. Долбоордун туруктуулугун өнүктүрүүнүн жана өзүн-өзү камсыз кылуунун кийинки кадамы – бул курстардын темаларын кеңейтүү, мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы эксперттерди жана баяндамачыларды тартуу, ошондой эле мугалимдерге өздөрүнүн курстарын иштеп чыгуу жана сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.

социальный проект по развитию учителей

нуждающееся население в развитииподдержка учителей и детей

Көмөк