Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк_2022
8-18 жаштагы балдар арасында 2022-жылы Батыш Азия чемпионаты, 2022-жылы жайында Укулхас (Мальдив аралдары) аралында өткөн. Биздин республиканы Кыргызстандын балдар жана өспүрүмдөр курама командасынан 12 шахматчы коргоду. Шахмат коомчулугунун бул чоң иш чарасынын жолго кеткен чыгымдарын биздин фонд өзүнө алды.
Чемпионат үч дисциплина боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц. Жалпысынан 9 өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Индия, Бангладеш, Шри-Ланка, Мальдив аралдары, Непал жана Пакистандан 180 шахматчы катышты.
Демөөрчүлүктүн жалпы баасы 1 000 000 сомду түздү.
Массалык маалымат каражаттарында долбоор жөнүндөгү басылмалар
О проекте в Instagram